Израилдин Ливанга кол салуулары...
Билдирүүдө Израилдин медицина кызматкерлерин бутага алуусу айыпталып, эл аралык коомчулуктун бул кол салууларга каршы тоскоол позициясы жок экени белгиленди.
Израиль армиясынын Ливандын түштүгүндөгү Сур шаарына кол салууларынан 7си биринчи жардам кызматкери болгон 13 киши каза болду.
Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында каза болгондорго байланыштуу билдирүү жасады.
Израиль армиясынын Сурдагы Дейр Канун Рас-эл-Айн жана Айн Биал айылдарындагы биринчи жардам кызматкерлерин чогултуу пунктун бутага алганы билдирилди. Кол салууларда 7 биринчи жардамчы болгон 8 кишинин каза болгону, 5 биринчи жардамчы болгон 12 кишинин жараланганы маалымдалды.
Билдирүүдө Израилдин медицина кызматкерлерин бутага алуусу айыпталып, эл аралык коомчулуктун бул кол салууларга каршы тоскоол позициясы жок экени белгиленди.
Израилдин Сур шаарына караштуу Ханнавие шаарчасына кол салуудан 5 жарандык коргонуу ыктыярчысынын каза болгондугу билдирилди, бирок маалымат берилген жок.
Канкор Израиль армиясынын Ливандын чыгышындагы Баалбек ел-Хирмил аймагына караштуу Баалбек районуна абадан кол салуусунда 20 киши каза болуп, 14 киши жараланды.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Набатие шаарындагы Эль-Мейдан конушундагы кол салууда 12 киши жараланды.
Израилдин 2023-жылдын 8-октябрынан бери Ливанга кол салууларында каза болгондордун саны 3 миң 100дөн ашты, жаракат алгандардын саны 13 миң 900дөн ашты.