Нотр Дам соборунда 5 жылдан кийин коңгуроо чалды
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Нотр Дам соборунда 2019 - жылдагы өрттөн кийин жүргүзүлгөн реставрация иштери дээрлик аяктады.
Франциянын алдыңкы тарыхый жана туристтик жайларынын бири болгон Париждеги Нотр Дам соборунун коңгуроолору 2019-жылдагы өрттөн 5 жылдан кийин биринчи жолу кагылды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Нотр Дам соборунда 2019 - жылдагы өрттөн кийин жүргүзүлгөн реставрация иштери дээрлик аяктады.
7 - декабрда боло турган аземден кийин эшигин зыяратчыларга кайра ачышы күтүлгөн собордун коңгуроолору 5 жылдан бери биринчи жолу кагылды.
Франциянын маданият министри Рачида Дати 23 - октябрда Le Figaro гезитине берген интервьюсунда Париж архиепархиясына Нотр Дам соборуна туристтердин келиши үчүн “символдук акы төлөм” алууну сунуштаганын билдирген.
Дати алынган кирешени диний мурастарды коргоого жумшаса болорун айтты.
Париж архиепархиясынын 24 - октябрдагы билдирүүсүндө француз католик чиркөөсүнүн чиркөө жана соборлорго бекер кирүүсүнө карата мамилесинин өзгөрбөгөндүгү белгиленди.
Нотр Дам өртү
Фундаменти 1163 - жылы ошол кездеги папа түптөгөн жана 300 жылга созулган Франциядагы христиан дининин символу юолуп эсептелген собордо 2019 - жылдын 15 - апрелинде белгисиз себептен өрт чыккан.
Кыска убакытта өрт каптаган 96 метрлик мунаралардын бири жана 857 жылдык собордун чатыры толугу менен кулап, имаратка олуттуу зыян келтирилген.
Соборду реставрациялоо иштерине дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн рекорддук суммада 844 миллион евро чогултулган.