НАТО Россия менен Түндүк Кореянын Украина согушу тууралуу чечимин айыптады
НАТО Россия менен Түндүк Колреянын лидерлеринин Украинадагы согуштун жайылышына себеп боло турган чечимдерин айыптагандыгын билдирди.
НАТО Россия менен Түндүк Кореянын лидерлеринин Украинадагы согуштун жайылышына себеп боло турган чечимдерин айыптагандыгын билдирди.
НАТО тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Түндүк Корея миллиондогон ок - дары жана баллистикалык ракета берүү менен Россиянын согуш аракеттерине болгон маанилүү колдоосуна кошумча катары Түндүк Корея тарабынан жайгаштырылган миңдеген согуштук бөлүктөр Россиянын Украинадагы согушуна колдоосунун кооптуу түрдө кеңейиши болуп саналат",- деп айтылды.
Россия менен Түндүк Кореянын ортосундагы тереңдеп бара жаткан аскердик кызматташуунун Евро - Атлантика коопсуздугуна терең таасир тийгизип жана Азия - Тынч океан үчүн да кесепеттери бар экендиги белгиленген билдирүүдө, бул кызматташтыктын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин бир нече чечимдерин бузуу болуп саналары баса белгиленди.
Билдирүүдө: "Бул, Россиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү статусун эске алганда өзгөчө оор абал. Россияны бул чечимдерге баш ийүүгө жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырабыз",- деп айтылды.
Россиянын 26 - сентябрда Түндүк Кореянын ядролук куралсыздануусу "күн тартибинен алынды" деген билдирүүсүнүн кабыл алынгыс экендиги белгиленген билдирүүдө бул абалдын глобалдык ядролук куралсыздануу режимин алсыздаткандыгы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү чечимдери менен түздөн түз карама - каршы келгендиги жана аймактык чыңалууларды күчөткөндүгү баса белгиленди.
Бардык өлкөлөрдүн Россиянын агрессиясына жардам көрсөтпөөгө чакыруу салынган билдирүүдө : "Россиянын Украинга каршы жүргүзгөн мыйзамсыз согушту жеңилдеткен жана узартып жаткандардын баарын айыптайбыз",- деп айтылды.
Билдирүүдө НАТОнун Украинанын жеңип чыгышы үчүн керектүү убакытта ар дайымкыдай эле колдоо көрсөтүүдө чечкиндүү экендиги баса белгиленди.