Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салуусунда дагы 20 киши каза болду

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израилдин аскердик учактары Газа шаарындагы Яффа  көчөсүндө жер которгон адамдар баш калкалаган Фехд ас-Сабах мектебин жана чатырларды бутага алды.

2208426
Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салуусунда дагы  20 киши каза болду

Израиль армиясы бир жылдан ашык убакыттан бери геноцид кылып жаткан Газа тилкесинде жасаган кол салууларында дагы 20 киши каза болду.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын маалыматына караганда, Израилдин аскердик учактары Газа шаарындагы Яффа  көчөсүндө жер которгон адамдар баш калкалаган Фехд ас-Сабах мектебин жана чатырларды бутага алды.

Кол салууларда кеминде 16 киши набыт болуп, көптөгөн адамдар жараланды.

Израилдин аскердик учактарынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт Лахия шаарында Абу Жаррад үй - бүлөсүнө таандык үйдү бомбалоосунун натыйжасында 1 киши каза болуп, бир нече киши жараланды. Шаардын башка бир жеринде жасалган кол салууда Хаммуд үй-бүлөсүнөн 3 аял каза болду.

Израиль аскерлери Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахия жана Жибалия шаарларында палестиналыктарга таандык ондогон үй жана конуштарын жардырышты.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында болжол менен 17 миң 210 бала жана 11 миң 742 аял болгон 43 миң 508 палестиналык каза болуп, 102 миң 684 киши жараланды.

Урандылардын астында азыр да  миңдеген набыттын бар экендиги  билдирилип, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Бир тараптан Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шерианын түндүк  -чыгышындагы Тубас шаарында бир үйдү курчоого алып, танкка каршы «Энерга» аттуу  курал менен бомбалады.

Курчоодогу үйдүн жанында Палестиналык каршылык көрсөтүүчүлөр менен Израиль армиясынын ортосунда  куралдуу кагылышуулар болду. Кол салууда бир палестиналык чыныгы ок менен жараланды.



Тектеш кабарлар