Испанияда талап - тоноо боюнча кармалгандардын саны 253кө жетти
Валенсияда бир тараптан издөө - куткаруу, бир тараптан да көчөлөр менен үйлөрдөгү ылайды тазалоо иштери улантылып аймактагы коопсуздук маселеси азыр да чечиле элек.
Испаниянын чыгышындагы Валенсия аймагында 29 - октябрда болгон сел апаатынан кийинки талап - тоноо окуяларынан улам камакка алынгандарын саны 253кө жетти.
Валенсияда бир тараптан издөө - куткаруу, бир тараптан да көчөлөр менен үйлөрдөгү ылайды тазалоо иштери улантылып аймактагы коопсуздук маселеси азыр да чечиле элек.
Ички иштер министрлигинин маалыматтарына караганда "апаат аймагы" деп жарыяланган Валенсияда 24 саатта 52 киши жалпы 253 киши кармалды, бул шектүүлөрдүн 100дөн ашууну камакка жиберилип, калгандары көзөмөлдө кармалууда.
Сел апаатынан улам бир гана Валенсияда каза болгондордун саны 215ке жогорулады, булардан 208зинин экспертизасы, 167синин да күбөлүгүнүн аныкталгандыгы билдирилди.
Кастилья-Ла-Манча жана Андалусия аймактарындагылар менен кошо өлкө боюнча селден каза болгондордун саны 223кө жетти, 78 киши азыр да дайынсыз.