Беньямин Нетаньяху АКШга жаңы элчи дайындады

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху өлкөсүнүн Вашингтон элчилигине оккупациядагы Батыш Шериада палестиналыктардан басып алынган жерлерде буга чейин "мэр" катары кызмат кылган Йехиел Лейтерди дайындады.

2208379

Премьер  -  министрликтин басма сөз кеңсесинен берилген маалыматта Нетаньяхунун Лейтерди Израилдин Вашингтондогу жаңы элчиси кылып дайындагандыгы билдирилди. 

Билдирүүдө Лейтердин АКШда төрөлгөндүгү жана уулу Моше Йедидья Лейтердин 2023 - жылы 10 - ноябрда Газа тилкесинин түндүгүндөгү кагылышууларда каза болгондугу айтылды.

Лейтердин Вашингтондогу кызматын  Дональд Трамптын АКШнын президенттигине киришкенден кийин баштоосу күтүлүүдө.

Бир тараптан Jerusalem Post гезитинде орун алган кабарда Лейтердин Батыш Шерианын Ел Халил аймагында палестиналыктардан тартып алынган жерлерде буга чейин мэрлик кызматын аткаргандыгы белгиленди.

Муну менен бирге Израилдин АКШдагы жаңы элчисинин израилдиктердин Батыш Шериада тартып алынган Палестина жерлеринде иш алып барган  "Yesha Council" аттуу мекемеде кызмат кылгандыгы белгиленди. 

"Jewish Inseder" аттуу кабар сайтынын билдиргенине караганда Лейтер азыркы учурда басып алынган Палестина жерлеринде жашап жатат.

Тектеш кабарлар