Түштүк Корея баллистикалык ракета атты
Йонхаптын кабарына караганда Түштүк Кореянын башкы штабынан (JCS) түндүктүн акыркы ракета атуу сыноолоруна каршы өткөрүлгөн машыгууга байланыштуу билдирүү жасады.
Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы жасалган машыгуунун негизинде Сары деңиз багытына курактыктан кургактыкка баллистикалык ракета атты.
Йонхаптын кабарына караганда Түштүк Кореянын башкы штабынан (JCS) түндүктүн акыркы ракета атуу сыноолоруна каршы өткөрүлгөн машыгууга байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө «Хюнму-2» кургактыктан кургактыкка атуучу баллистикалык ракеталар колдонулган машыгуунун Сары деңизде борбор шаар Сеулдун 108 километр түштүк - батышындагы Таен аймагына жакын жерде өткөрүлгөндүгү билдирилди. Түштүк Корея армиясынын түндүктүн провокацияларына "катуу жооп кайтарууга" даяр экендиги баса белгилеп : "Бул жандуу машыгуунун негизинде армиябыз Түндүк Кореянын ар кандай провокациясына жооп кайтарууга чечкиндүүлүгүн жана душмандын провокациясынын булагына так сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жана абалын көрсөттү",- деп билдирди.
Түштүк Корея Түндүк Кореянын 5 - ноябрда Япон деңизине (Чыгыш деңизи) карай бирден көп кыска аралыктуу баллистикалык ракетанын атылгандыгын билдирген.
Түндүк Корея 31 - октябрда Япон деңизине ушул күнгө чейин аткан ракеталардын арасында "эң узак учуу убактысына" ээ болгондугу каралган "жаңы моделдеги Hwasong-19" континенттер аралык баллистикалык ракета атылган.
Тектеш кабарлар
Подеста: «Түркия негизги өнөктөш жана талапкер өлкө»
Евробиримдик комиссиясынын жаңы басма сөз катчылары журналисттер менен биринчи жолу жолугушту.