Чилинин жээгинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду
Жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок.
2208267
Чилинин жээктеринде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Американын геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогу Кокрейн аймагынын түндүк-батышында болгонун жарыялады.
Тереңдиги 10 чакырым деп катталган жер титирөөнүн күчү 6,2 баллга жеткени айтылды.
Жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок. Адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келбегени маалымдалды.
Дүйнөдөгү сейсмикалык кыймылдар эң көп болгон өлкөлөрдүн бири Чили «От шакеги» деп да аталган Тынч океандын сейсмикалык зонасында жайгашкан.