Россия Трампты куттуктаган жок

Россиянын президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин АКШдагы президенттик шайлоодо утуп чыккан Дональд Трампты куттуктоо планы жок экенин билдирди.

2207642
Россия Трампты куттуктаган жок

Россиянын президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин АКШдагы президенттик шайлоодо утуп чыккан Дональд Трампты куттуктоо планы жок экенин билдирди.

Дмитрий Песков журналисттердин берген суроосуна : "Президент Путиндин Трампты шайлоодогу ийгилиги менен куттуктай турган планы жок»,- деп жооп берген  Песков АКШ менен Россиянын ортосундагы мамилелердин азыркы абалына токтолуп : «АКШ бизге каршы түз жана кыйыр түрдө согушка катышкан душман өлкө экенин унутпашыбыз керек",-  деди.

Владимир Путиндин Дональд Трампты куттуктабашынын Россия 
 - АКШ карым - катнаштарын начарлатабы деген суроого : "Карым - катнаштардын начарлашы дээрлик мүмкүн эмес. Учурда тарыхтын  эң төмөнкү деңгээлинде жана бул карым - катнаштардын келечеги  АКШнын жаңы башкаруусуна байланыштуу",- деп жооп берди Песков. 

Путиндин Украинадагы кагылышууларды токтотуу  үчүн Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө  даярбы деген суроого жооп берген  Песков : «Бул суроого бере турган бир гана жооп – Путиндин байланыштарга жана диалогго ачык экендиги. Бул биздин ырааттуу позициябыз жана буткул дуйнөгө белгилүү. Калганын көрүү үчүн конкреттүү кадамдарды күтөлү», - деди.
АКШнын Украина саясатында өзгөртүүлөрдү киргизеби деген суроого Россиянын басма сөз катчысы: «Албетте, АКШнын тышкы саясатын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок мунун ишке ашып же ашпай тургандыгын январь айынан  кийин (Трамптын кызматты өткөрүп алышынан кийин) көрөбүз», - деп жооп берди.
 Дональд Трамптын буга чейин  «Украинадагы согушту бир түндүн ичинде бүтүрүшү мүмкүн» деген сөздөрүнө да токтолгон катчы : «АКШнын Украинадагы кагылышууну токтотууга күчү жете турганын бир нече жолу айттык бирок   муну бир түндө жасоо мүмкүн эмес», - деди.



Тектеш кабарлар