Рютте - Юн сүйлөшүүсү
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл телефон аркылуу Түндүк Кореянын Россияга аскер жөнөтүүсүнө бергелеше жооп кайтаруу тууралуу сүйлөшүштү.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл телефон аркылуу Түндүк Кореянын Россияга аскер жөнөтүүсүнө бергелеше жооп кайтаруу тууралуу сүйлөшүштү.
Марк Рютте Х эсебиндеги билдирүүсүндө Юн менен Түндүк Кореянын Россияга аскер жиберүү маселесин дагы бир жолу талкуулагандарын белгилеп, бул аракетти «глобалдык коопсуздук үчүн бурулуш жери» деп мүнөздөдү.
Баш катчы : «Бул коркунучтарга биргелеше каршы туруу үчүн Индо-Тынч океан өнөктөштөрүбүз менен байланыштарды чыңдап жатабыз», - деди.
Рютте Түндүк Кореянын аскерлеринин бир нече күндүн ичинде Украинага каршы согушка кириши күтүлүп жаткандыгын белгилеп «бул өнүгүү себеп боло турган окшошу жок коопсуздук кризисине каршы пикирлеш өлкөлөрдүн тилектештигин чыңдоонун маанисине» токтолду.
Йонхаптын кабарына караганда, Юн украиналык атайын өкүлдүн Түштүк Кореяга ьапапые айтып, НАТО менен тыгыз байланышты улантуу убдасын берди.
Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында Түндүк Кореяга расмий иш сапары менен барып, тараптардын ортосунда «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине» кол коюлган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 25 - октябрдагы билдирүүсүндө Россия Түндүк Кореянын аскерлерин 27 - 28 - октябрда биринчи согуштук аймактарга жайгаштыраарын жарыялаган.
АКШ Россияда 10 миңдей түндүк кореялык аскердин бар экенин жана алардын 8 миңи Украина чек арасына жакын Курск аймагына жайгаштырылганын жарыялаган.