Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Трампка куттуктоо жиберди

Кытайдын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Си Цзиньпин  куттуктоосунда  эки өлкөнүн жана өздөрүнүн, дүйнөнүн калган бөлүгүнүн да жыргалчылыгы үчүн тил табышуунун туура жолун табышы керектигин баса белгиледи.

2207823
Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин  Трампка куттуктоо жиберди

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин АКШнын 47 -  президенти болуп шайланган Дональ Трампка жиберген куттуктоосунда "эки өлкөнүн айырмачылыктарын ылайыктуу башкаруу" жана тынчтык ичинде жанаша жашоого чакырды. 

Кытайдын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Си Цзиньпин  куттуктоосунда  эки өлкөнүн жана өздөрүнүн, дүйнөнүн калган бөлүгүнүн да жыргалчылыгы үчүн тил табышуунун туура жолун табышы керектигин баса белгиледи.

Кытай менен АКШнын кызматташуудан пайда алып, тирешүүдөн зыян тарткандыгын тарых көптөгөн учурларда далилдегенин белгилеген Си : «Кытай менен АКШ бири бирине карата урамат  - сый, тынчтык принциптеринин негизинде диалог жана байланышты бекемдей тургандыгынан үмүт кылам.  Тынчтык ичинде жанаша жашоо жана  кызматташтыктык принциптеринин негизинде диалог жана байланышты бекемдейт жана пикир келишпестиктерди туура башкаруу аркылуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтет", - деди.

Си Кытай менен АКШнын ортосундагы стабилдүү, бекем жана туруктуу карым - катнаштардын эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берерин айтып, эл аралык коомчулуктун күтүүсүнө да көңүлдөрдү бурду.

Ошол эле учурда Кытайдын вице - президенти Хан Чинг да  АКШнын  вице - президенти Дж. Вэнске куттуктоосун билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар