Канадада ТикТокко тыюу салынды
Канаданын Инновация, илим жана өнөр жай министри Франсуа-Филипп Шампан кытайлык социалдык медиа платформасына тыюу салуу тууралуу билдирүү жасады.
Канадада кытайлык TikTok социалдык медиа платформасына "коопсуздук коркунучтарынан" улам тыюу салынды.
Канаданын Инновация, илим жана өнөр жай министри Франсуа-Филипп Шампан кытайлык социалдык медиа платформасына тыюу салуу тууралуу билдирүү жасады.
Министр Шампан ТикТок тиркемеси Канада үчүн коопсуздук коркунучу экенин белгилеп, анын "өлкөдөгү коммерциялык ишмердүүлүгүнө тыюу салынганын" жана платформанын Торонто менен Ванкувердеги кеңселеринин жабыларын билдирди.
Канадалык жарандардын тиркемени колдонууну уланта ала турганын белгилеген Шампан: «Жарандардын кибер коопсуздугуна көңүл бурушу жана социалдык медиа тиркемелерин колдонуунун мүмкүн болуучу тобокелдиктерин баалоосу маанилүү»,-деди.
Канаданын коопсуздук чалгындоо кызматынын (CSIS) директору Дэвид Вигнео, ТикТоктун "Кытай өкмөтү үчүн маалымат каналы" экенин айтып, жарандарына бул социалдык тармакты колдонбоону эскерткен.