Израиль 14 жашка чейинки палестиналыктарды камоо мыйзамын бекитти

Мыйзам менен бул балдардын адам өлтүрүү, террордук актылар сыяктуу кылмыштарды жасаса  жабык жайларда кармап, 14 жашка келгенде жазасын абакта улантары  күтүлүүдө.

2207905
Израиль  14 жашка чейинки палестиналыктарды камоо мыйзамын бекитти

Израиль парламенти (Кнессет) 14 жашка чыга элек палестиналык балдарды камоого мүмкүндүк берген мыйзамды бекитти.

Мыйзам менен бул балдардын адам өлтүрүү, террордук актылар сыяктуу кылмыштарды жасаса  жабык жайларда кармап, 14 жашка келгенде жазасын абакта улантары  күтүлүүдө.

Юстиция министрлигинин жана Кнессет Конституциялык комитетинин макулдугу менен бул убактылуу жобонун мөөнөтү эки жылга узартылышы мүмкүн, ал эми соттор да  балдарды 10 күндөн ашпаган мөөнөткө камакка алуу укугуна ээ болот.

Өзгөчө Кнессет бүгүн палестиналыктардын израилдиктерге карата кыймылдарында  үй - бүлөлөрүн Газа тилкесине же башка бир жакка депортациялоого уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

 



Тектеш кабарлар