Газада полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Газада полиомиелитке каршы эмдөө акциясынын экинчи айлампасы аяктагандан кийин Xтен билдирүү бөлүштү.

2207628
Газада полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү

Газада полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи айлампасында 10 жашка чейинки 556 миң 774 бала эмделди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газада полиомиелитке каршы эмдөө акциясынын экинчи айлампасы аяктагандан кийин Xтен билдирүү бөлүштү.

Газанын түндүгүндө полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүнүн кечээ аяктаганын жана 105 миң 558 баланын экинчи дозасын алганын белгилеген Гебреисус, уланып жаткан кагылышууларда 83 миң 876 балага А витамини кошулмалары берилгенин айтты.

Гебреисус: «Газанын түндүгүндө болжол менен 88 пайыздык эмдөө жүргүзүлдү. 7-10 пайызы экинчи дозасын ала алган жок жана ошондуктан полиомиелитке каршы аялуу. Газада 10 жашка чейинки 556 миң 774 бала (Газадагы балдардын 94 пайызы) бул өзгөчө акциянын натыйжада эки доза алышты»,- деди.

Үзгүлтүксүз саламаттыкты сактоо кызматтары аркылуу дагы көп балага жетүү аракетинин улана турганын маалымдаган Гебреисус саламаттыкты сактоо адистерине ыраазычылык билдирди.

Башкы директор: «Газадагы бардык балдардын дени сак жана коопсуз болушу үчүн чечүүчү жол ок атышууну токтотуу»,- деди.



Тектеш кабарлар