Бразилиядагы Амазонка токойлору
Экологдор Серрадо аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна тынчсыздануусун билдирип, президент Лула да Силвадан жаратылышты коргоо аракеттерин күчөтүүнү талап кылышты.
Бразилиядагы Амазонка токойлорунун жок болушу мурунку жылга салыштырмалуу 31 пайызга азайып, акыркы тогуз жылдын эң төмөнкү деңгээлине түштү.
Көз карандысыз экологдордун маалыматына караганда, Амазонка токою акыркы 12 айда 6 миң 288 чарчы километр аянтты жоготту.
Экологдор Серрадо аймагындагы биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна тынчсыздануусун билдирип, президент Лула да Силвадан жаратылышты коргоо аракеттерин күчөтүүнү талап кылышты.
Өкмөт өрттөрдүн токойлордун жок болушунун маанилүү себептеринин бири экенин билдирип, Амазонкадагы өрттөрдү тыкыр көзөмөлдөө планын жарыялады.
Луланын өкмөтү 2030-жылга чейин токойлорду жок кылбоону максат кылган.
Дүйнөдөгү эң чоң тропикалык токой катары белгилүү Амазонка, мурдагы ашынган оңчул президент Жаир Болсонаронун тушунда жыл сайын рекорддорду жаңыртып, олуттуу кыйууга дуушар болгон.