Боррель Трампты куттуктады

Дональд Трампты кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктаган Жозеп Боррель кызматташуунун улана берерине ишенимин билдирип, күчтүү жана эгемен Европаны куруу пландарына ишарат кылды.

2207500
Боррель Трампты куттуктады

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңгенден кийин ЕБнин күчтүү жана эгемен Европаны курууну уланта турганын айтты.

Дональд Трампты кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктаган Жозеп Боррель кызматташуунун улана берерине ишенимин билдирип, күчтүү жана эгемен Европаны куруу пландарына ишарат кылды.

X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасаган Боррель: «Дональд Трампты шайланышы менен куттуктайм. Бул шайлоо дүйнөнүн бардык аймактары, анын ичинде глобалдык коопсуздук коркунучунда турган Украина жана Жакынкы Чыгыш үчүн маанилүү болот. Евробиримдик өзүнүн жалпы тышкы жана коопсуздук саясаты аркылуу АКШ менен мамилесин сактап калуу үчүн бардык күчүн жумшайт. Ошол эле учурда, ЕБ күчтүү жана эгемен Европаны куруу үчүн коопсуздук жана коргонуудан климатка чейинки стратегиялык милдеттерин колдоо аракеттерин улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар