Украина АКШ менен туруктуу тынчтык үчүн бирдикте иштейт

Андрей Сыбиха АКШ менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп Россия  -  Украина согушунда "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты дагы да жакындатуу" багытында бирдикте иштеше тургандарын белгиледи.

2207425
Украина  АКШ менен туруктуу тынчтык үчүн бирдикте иштейт

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиха АКШ менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп Россия  -  Украина согушунда "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты дагы да жакындатуу" багытында бирдикте иштеше тургандарын белгиледи.

Сыбиха Х эсебинен  берген билдирүүсүндө Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШнын 47 -  президенти болуп шайланган Дональд Трампты бүгүн  куттуктагандыгын эске салды. 

Зеленский жана Трамптын ортосунда  узак мөөнөттүү, конструктивдүү жана натыйжага багытталган диалог болгонун белгилеген Сыбиха : "Украина-АКШ стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жана ар тараптуу, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты жакындатуу үчүн бирге иштейбиз.  Американын чечкиндүү жетекчилигине ишенебиз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар