Россия . "Донецкте 2 конуш көзөмөлгө алынды"
Министрликтин билдирүүсүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.
Россиянын коргоо министрлиги орус армиясынын Донецк аймагындагы Антоновка жана Максимовка конуштарын көзөмөлгө алганын билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.
Билдирүүдө орус армиясынын Украинадагы позицияларын жакшырткандыгы маалымдалды.
"Түштүк жана Түндүк аскер топторунун бөлүктөрү Донецк Элдик Республикасынын Антоновка жана Максимовка конуштарын бошотту",- деп айтылды.
Билдирүүдө акыркы 24 сааттын ичинде 146 аймакта Украинанын аскердик аэропортунун инфраструктурасына, учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруучу цехтерге, энергетика жана күйүүчү май объектилерине, украин аскерлери менен аскердик техникалары жайгашкан жерлерге кол салуулардын болгону белгиленди.
Билдирүүдө өзгөчө Украина аба күчтөрүнө таандык «Миг-29» үлгүсүндөгү согуштук учактын атып түшүрүлгөндүгү билдирилип, согуштун башталышынан бериУкраина армиясына таандык 648 учак, 283 тик учак, 35 миң 298 учкучсуз учуучу аппарат, 585 абадан коргонуу системалары, 19 миң 63 танк жана бронетранспортер, 1484 көп стволдуу ракета аткычтар, 17 миң 368 гаубица жана минометтор менен 28 миң 10 атайын аскердик унаанын жок кылынгандыгы маалымдалды.