Израиль Ливандын борбор шаары Бейрутка сокку урду
Кол салууда бир имарат толугу менен урап 20 киши каза болду.
Израилдин Ливандын борбор шаары Бейрутка карата абадан сокку уруусунда 20 киши каза болду.
Израиль Ливанга бир күндө 78 жолу абадан сокку урду.
Бейруттун түштүгүндөгү Барса шаарындагы имараттар Израиль соккусунун бутасы болду.
Кол салууда бир имарат толугу менен урап 20 киши каза болду.
Израиль Сидон, Сур жана Бинт Жубейл шаарларын да бомбалады.
Хизбуллах болсо Израиль армиясына жооп кайтарууда.
Кагылышуулардын натыйжасында израилдик элементтердин кээ бир пункттардан чегинүүгө мажбур болгондугу белгиленди.
Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясы Израилдин чабуулу астындагы Ливан үчүн чукул жардам кампаниясын баштатты.
Кол салуулардан жабыркаган болжол менен 600 миң кишиге дароо жана узак мөөнөттүү жардам берүү максат кылынганы билдирилди.