Испанияда болгон сел
Испанияда 29 - октябрда болгон жана Валенсия менен бирге өлкөнүн чыгыш жана түштүк аймактарын таасир астына алган сел апаатында 89 киши дайынсыз жоголду.
2206965
Испанияда 29 - октябрда болгон жана Валенсия менен бирге өлкөнүн чыгыш жана түштүк аймактарын таасир астына алган сел апаатында 89 киши дайынсыз жоголду.
Испаниянын расмий маалымат агенттиги EFE Маалыматтарды интеграциялоо борборун (CID) булак катары көрсөтүп, селден бир жумадан кийин биринчи жолу каза болгондордун расмий санын жарыялады.
Ушуга караганда учурдагы абалда расмий каттоолордо 89 киши дайынсыз жок болууда бирок эч катталбаган жоготуулардын болушу мүмкүн экендиги да белгиленди.
Ошол эле учурда Валенсияда 213, Кастилия - Ла - Манчада 4 жана Андалусияда 1 адам болуу менен кеминде 218 киши каза болгон апаат аймактарында издөө - куткаруу иштери уланууда.
Селден таасирленген аймактарда талап - тоноо жана уурулук окуялары уланууда.
Улуттук полиция жана жандармериянын маалыматтарына караганда 186 киши талап - тоноо же уурулук кылмышынан кармалып 87 киши камакка алынды.