Иран : "Трамптын шайланышы эки өлкөнүн жалпы саясатын өзгөртпөйт"
Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатма Мухажирани өкмөт жыйынынан кийин басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
2207388
Иран АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы эки өлкөнүн жалпы саясатында өзгөрүүгө алып келбей турганын билдирди.
Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Фатма Мухажирани өкмөт жыйынынан кийин басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Мухажирани: "АКШдагы президенттик шайлоонун биз менен байланышы жок. Анткени АКШ менен Ирандын жалпы саясаты туруктуу. Бирөөнүн ордуна экинчисинин келиши менен көп нерсе өзгөрбөйт",- деди.
Мухажирани Дональд Трамптын жеңишин жарыялашына байланыштуу : "Трамптын шайлоодо утуп чыгышынан тынчсызданбайбыз. Биз үчүн эки талапкердин ортосунда айырма жок",- деди.
Өкмөттүн катчысы АКШдагы шайлоонун жыйынтыктарынын ирандыктардын күнүмдүк турмушуна таасирин тийгизбей тургандыгын да сөздөрүнө кошту.