Европа Биримдиги Трампка бирдикте иштөөгө чакырык салды

Европа Биримдиги башкаруусу АКШдагы президенттик шайлоодо утуп чыккандыгын жарыялаган Дональд Трампка трансатлантика байланыштарын  солгундатпастан биргелешип иштөөгө чакырды.

2207249
Европа Биримдиги Трампка бирдикте иштөөгө чакырык салды

Европа Биримдиги башкаруусу АКШдагы президенттик шайлоодо утуп чыккандыгын жарыялаган Дональд Трампты трансатлантика байланыштарын  солгундатпастан биргелеше иштөөгө чакырды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : "Дональд Трампты чын жүрөктөн куттуктаймын",- деди. 

Фон дер Ляйен : "Европа Биримдиги жана АКШ союздаш эле эмес, элдерибиздин арасында да 800 миллион жаранды бириктирген чыныгы өнөктөштүк менен байланыштабыз. Ошондуктан аларга кызмат кылууну уланткан күчтүү бир трансатлантика күн тартиби боюнча бирдикте иштешели",- деди. 

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Шарль Мишель да куттуктоосунда : "Европа Биримдиги жана АКШнын туруктуу бир  союздаштык жана тарыхый байланышы бар. Союздаш жана дос катары Европа Биримдиги конструктивдүү кызматташтыкты улантууну чыдамсыздык менен күтөт",- деди.

Трамптын АКШнын президенти болгон  2017 - 2021 -  жылдардагы алгачкы мезгилде Вашингтон  - Брюссель ортосунда олуттуу чыңалуулар болгон. 

Европа Биримдиги башкаруусу бир канча убакыттан бери ыктымалдуу Трамптын ийгилиги  үчүн даярдыктарды көрүп жаткан. 

 



Тектеш кабарлар