Түндүк Корея баллистикалык ракета учурду
Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүктүн ракета учуруусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
2206483
Түндүк Корея Корей жарым аралынын чыгыш жээгине баллистикалык ракета учурду.
Йонхаптын кабарына караганда, Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүктүн ракета учуруусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Билдирүүдө Түндүк Кореянын Корей жарым аралынын чыгыш жээгине «белгисиз» баллистикалык ракета учурганы айтылды.
Япон армиясы болсо Түндүктөн атылганын ырастап, баллистикалык деп эсептелген ракетанын Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын тышына түшкөнүн билдирди.
Корей жарым аралындагы аскердик машыгуулар жана ракета сыноолору менен чыңалуунун уланып жатканы белгиленди. Түндүк Кореянын бул ракета учуруусунун Америка Кошмо Штаттарында бүгүнкү 60-президенттик шайлоо маалында ишке ашырылышы көңүлдөрдү бурду.