Россиянын Курск аймагында Түндүк Кореянын 11 миң аскери бар

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Курск аймагында Түндүк Кореянын 11 миң аскеринин бар экенин айтты.

2206891
Россиянын Курск аймагында Түндүк Кореянын 11 миң аскери бар

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Курск аймагында Түндүк Кореянын 11 миң аскеринин бар экенин айтты.

Зеленский  X эсебиндеги билдирүүсүндө Россиянын Курск аймагында өздөрү түзгөн буфердик аймакты коргогондорун айтты.

Зеленский Курскта Түндүк Кореянын аскерлери бар экендигине байланыштуу чалгындоо маалыматтарынын бар экенин айтып : 
"Учурда Курск аймагында Түндүк Кореянын 11 миң аскери бар. Түндүк Кореянын күчтөрүнүн көбөйгөнүн көрүп жатабыз, бирок тилекке каршы өнөктөштөрүбүздөн келген  жоопто артууну   байкабай жатабыз",- деди. 

Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында Түндүк Кореяга расмий иш сапары менен барып, тараптардын ортосунда «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине» кол коюлган.

Октябрь айынын аягында АКШ менен НАТОнун берген билдирүүсүндө Түндүк Кореянын Россияга аскер жибергени жана алардын Украина чек арасына жакын Курск аймагына жайгаштырылганы белгиленген.



Тектеш кабарлар