Путин Түндүк Кореянын тышкы иштер министрин кабыл алды
Лавров менен Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое 1-ноябрда борбор шаар Москвада жолугушуп, эки министрдин стратегиялык кеңешме өткөргөнү белгиленди.
Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое Сон Хуини кабыл алды.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Чое: «Түндүк Кореянын урматтуу президентинин терең, чын ыкластуу, жылуу жана жолдоштук саламдарын жеткирүү мен үчүн сыймык»,-деди.
Путин да Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга салам айтты.
Орусиянын тышкы иштер министри Лавров менен Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чое 1-ноябрда борбор шаар Москвада жолугушуп, эки министрдин стратегиялык кеңешме өткөргөнү белгиленди.
Орусиянын президенти Владимир Путин июнь айында Түндүк Кореяга расмий иш сапары менен барып, тараптар ортосунда «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине» кол коюлган. Бул келишим тараптардын бирине кол салуу болгон учурда өз ара аскердик жардам көрсөтүүнү көздөгөнү маалымдалган.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Орусияда 10 миңге жакын Түндүк Корея аскеринин бар экенин жана алардын 8 миңинин Орусиянын Курск аймагына жайгаштырылганын билдирген.