Нетаньяхуга нааразылык

Израилдин Channel 12 телеканалы израилдик үй-бүлөлөрдүн баш калаа Тель-Авивдин борборундагы Аялон автожолун кыймылга жаап, каршылык көрсөткөнүн билдирди.

2206804
Нетаньяхуга нааразылык

Израилдик туткундардын үй-бүлөлөрү премьер-министр Беньямин Натаньяхунун Газада ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимине бөгөт болушуна нааразылык билдирип жол тосушту.

Израилдин Channel 12 телеканалы, израилдик үй-бүлөлөрдүн баш калаа Тель-Авивдин борборундагы Аялон автожолун кыймылга жаап каршылык көрсөткөнүн билдирди.

Үй-бүлөлөр "Азыр келишим түзүүнү каалайбыз" жана "Аларды үйлөрүнө кайтаргыла" деген баннерлерди, ошондой эле Газадагы туткундардын фотосүрөттөрүн көтөрүштү.

Израилдин чалгындоо кызматы Моссаддын директору Дэвид Барнеа кечээ израилдик туткундардын үй-бүлөлөрү менен жолугушууда, Хамас менен туткун алмашуу келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүнүн "төмөн" экенин айткан.

Израиль армиясынын Газанын түштүгүндөгү Рафахка кол салуусунда Хамастын лидери Яхья Синвардын 16-октябрда каза болушунан кийин туткун алмашуу маселеси Вашингтон жана Тель-Авив башкаруучулугу тарабынан кайрадан күн тартибине коюлган.



Тектеш кабарлар