Израилдин Газадагы кыргындарына каршы чыгуулар улантылууда

Венесуэланын улуттук парламентинин спикери Хорхе Родригес Израилдин Газага кол салууларын айыптап, Палестина менен тилектештикте экендиктерин билдирди.

2206735
Израилдин Газадагы кыргындарына каршы чыгуулар улантылууда
fransa-israil macina tepki.jpg
fransa'da israil'e tepki.jpg
fransa-israil maci tepki.jpg
fransa'da fransa-israil macina tepki.jpg

Венесуэланын Улуттук парламентинин спикери Хорхе Родригес Израилдин Газага кол салууларын айыптап, Палестина менен тилектештикте экендиктерин билдирди.

Родригес борбор шаар Каракаста Конгресс борборунда өткөрүлгөн «Антифашисттик глобалдык парламент форумунун» ачылышында сөз сүйлөп, Израилге каршы чыкты.

Родригес Палестина менен тилектештик ичинде экендерин баса белгилеп : «Бомбаланган ар бир оорукана, жер менен бир болгон ар бир университет жана мектеп Американын аскердик өнөр жайынын  согуш ачкандарга карата аракеттерин көрсөтүүдө. Кыргын кылган Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху тарабынан жиберилгендер канкор болгондой эле ал бомбаларды, учактарды жана ракеталарды жибергендер да ошончолук канкор»,- деди.

Нидерландияда Израилдин Газа жана Батыш Шериада уланып жаткан зулумдугуна каршы митинг өткөрүлдү.

Хилверсум шаарында чогулган Палестинаны колдоочулар Израилдин кол салууларында каза болгон балдарды эскеришти.

Митингде Израилдин кол салууларында каза болгон палестиналык журналисттердин сүрөттөрү жана ысымдары да көргөзмөгө коюлду.

Франциянын борбор шаары Парижде Палестина жактоочусу активисттер Франция футболдук федерациясынын имаратында митинг өткөрүштү.

Имаратка кирген митингчилер  14 -  ноябрь күнү Stade de Francта ойнолушу пландалган Франция  -  Израиль беттешин токтотуу талабы менен ураандарды жаадырышты.



Тектеш кабарлар