Иранда ядролук физик Мухсин Фахризаде окуясына байланыштуу үч киши өлүм жазасына тартылды
Tesnim агенттигинин маалыматына ылайык, сот бийлигинин басма сөз катчысы Асгар Жихангир басма сөз жыйынында сот процессинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
2020 - жылы Иранда киши колдуу болгон ядролук физик Мухсин Фахризаде окуясына байланыштуу үч киши өлүм жазасына тартылды.
Tesnim агенттигинин маалыматына ылайык, сот бийлигинин басма сөз катчысы Асгар Жихангир басма сөз жыйынында сот процессинин жыйынтыгы боюнча маалымат берди.
Жихангир : «Батыш Азербайжан аймагында колго түшкөн 3 израилдик тыңчынын алкоголдук контрабанда шылтоосу менен Фахризаденин өлтүрүлүшү үчүн колдонула турган жабдыктарды ташыгандыгы аныкталды. Бул кишилер өлүм жазасына тартылды»,-деди.
Ирандык жетекчи сөз болуп жаткан окуя тууралуу дагы 5 кишинин сот ишинин уланып жатканын белгиледи.
Мухсин Фахризаде 2020 - жылдын 27 - ноябрында Тегерандын Абсерд районунда кол салууга учураган.
Кол салуудан кийин билдирүү жасаган ал мезгилдин тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф террордук кол салуунун артында Израилдин турганына байланыштуу олуттуу белгилердин бар экенин айткан.
Моссаддын мурдагы жетекчилеринин бири Йосси Коэн 2021 - жылдын июнь айында Израиль телекөрсөтүүсүндө сүйлөгөн сөзүндө Израилдин чалгын кызматы Фахризаданын өлтүрүлүшүнүн жоопкерчилигин албастан Израиль чалгындоосу Моссаддын “көзөмөлүндө” экенин айткан.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.