Индонезияда жанар тоонун атылышы: 10 адам каза болду
Флоресте жайгашкан Левотоби Лаки Лаки тоосунда вулкандык атылуу болду.
Индонезиянын Флорес аралындагы жанар тоонун атылуусунан алгачкы маалыматтарга караганда 10 адам каза тапты.
Индонезиянын табигый кырсыктарды башкаруу агенттигинин маалыматына караганда, өлкөнүн алыскы аралдарынын бири Флоресте жайгашкан Левотоби Лаки Лаки тоосунда вулкандык атылуу болду.
Атылуудан кийин лава агымы жеткен айылда бир нече үй, анын ичинде монастыр күйүп кетти.
Жетекчилер бир кечил менен бирге 10 адамдын каза болгонун, бир адамдын дайынсыз экенин билдиришти.
Аймакта өткөн аптадан бери бир катар атылуулар болуп жатканда, жетекчилер Левотоби Лаки Лаки тоосунун кооптуу абалын эң жогорку деңгээлге көтөрүштү.
Жанар тоо өткөн аптадан бери күн сайын эки миң метрге чейинки коюу күрөң күлдү абага бүркүп жатат.
"Тынч океандын от шакеги" жер титирөө жана вулкан тилкесиндеги Индонезияда 130 активдүү жанар тоо бар.