Индонезияда жанар тоо атылып, 8 адам каза болду

Атылуудан кийин лава агымы жеткен жанындагы айылда бир нече үй, анын ичинде монастыр күйүп кетти.

2205994
Индонезияда жанар тоо атылып, 8 адам каза болду

Индонезиянын Флорес аралында жанар тоонун атылуусунан алгачкы маалыматтарга караганда 8 киши каза тапты.

Индонезиянын Табигый кырсыктарды башкаруу агенттигинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн алыскы аралдарынын бири Флоресте жайгашкан Левотоби Лаки Лаки тоосунда вулкандык атылуу болду.

Атылуудан кийин лава агымы жеткен жанындагы айылда бир нече үй, анын ичинде монастыр күйүп кетти. 

Жетекчилер бир кечил менен бирге 8 адамдын каза болгонун, бир адамдын да дайынсыз жоголгондугун билдиришти.



Тектеш кабарлар