Захарова туткунга алынган украиналык жоокерлер жөнүндө сөз сүйлөдү
Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн онлайн маалымат жыйынында Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун аскерлерди алмашуу процессине баа берди.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, өлкөсү туткундагы украин аскерлеринин бир бөлүгүн берүүнү каалабайт деген дооматтардын жалган экенин айтты.
Захарова:«Киев администрациясы алардан 279 гана жоокерди алды. Калган 700 адамдын үйлөрүнө кайтуусу мүмкүн болчу»,- деди.
Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн онлайн маалымат жыйынында Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун аскерлерди алмашуу процессине баа берди.
Украинанын бул процессти саботаж кылганын жактаган Захарова, быйыл Орусиянын Коргоо министрлигинин алмашуу үчүн 935 украин аскеринин тизмесин даярдап, бул тема менен алектенген Координациялык борборго жибергенин белгилеп: «Киев администрациясы алардан 279 гана жоокерди алды. Калган 700 адамдын үйлөрүнө кайтуусу мүмкүн болчу»,-деп айтты.
Украинанын администрациясы «Орусия экстремисттер жана террористтер деп атаган улутчул аскерлерге жана чет элдик жалданмаларга басым жасап жатканын» билдирген Захарова:«Киев администрациясы мобилизацияланган жарандарына кызыкдар эмес»,-деди.
Орусиянын кээ бир украиналык туткундарды бергиси келбегени жөнүндөгү дооматтарга байланыштуу Захарова: «Орусия украиналык деңиз жөө аскерлерин алмашуу тизмесине киргизгиси келбейт, деген сөздөр таптакыр жалган»,-деп өз баасын берди.
Сөз болгон аскерлердин алмашуу тизмесине киргенин белгилеген Захарова Орусиянын алмашуу процессинен эч качан баш тартпаганын баса белгиледи.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сыбиханын «Орусия эл аралык байкоочулар менен доктурлардын украиналык туткундарга баруусуна уруксат бербей жатат» деген билдирүүсүн «калп» деп мүнөздөгөн Захарова Киев башкаруучулугунун толугу менен Батыштын таасири астында экенин айтты.