Трамп атаандашы Харристи Жакынкы Чыгыш боюнча айыптады
Politico басылмасынын маалыматына караганда, Трамп шайлоо кампаниясынын алкагында америкалык мусулмандар жана арабдар эң көп топтолгон Мичиган штатында сөз сүйлөдү.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп анын Демократиялык атаандашы Камала Харристин «Жакынкы Чыгышты жок кыла жаздаган Дик Чейни кызы менен үгүт иштерин жүргүзүп жатканын» билдирди.
Politico басылмасынын маалыматына караганда, Трамп шайлоо кампаниясынын алкагында америкалык мусулмандар жана арабдар эң көп топтолгон Мичиган штатында сөз сүйлөдү.
Көптөгөн америкалык мусулмандардын жана арабдардын Жакынкы Чыгышта жашаган достору жана үй-бүлөлөрү бар экенин баса белгилеген Трамп сөзүндө: «Бирок Харрис (мурдагы республикачыл конгрессмен) Лиз Чейни сыяктуу согушту тутандыруучулар менен үгүттөп жүрөт. Анын атасы Жакынкы Чыгышты кыйратып жибере жаздаган»,-деди.
Демократтар мусулмандардын добушун алууну көздөп жатканын белгилеген Трамп, Харристин Лиз Чейнини тандаганын айтып: «Менин оюмча, бул жакшы натыйжа бербейт»,-деп айтты.
Трамп андан тышкары: «Эгер Камала жеңсе, анда өлүм жана кыйроо гана болот. Мен тынчтыктын талапкеримин»,-деп баалоо жасады.
Республикалык партиянын маанилүү ишмерлеринин бири болгон мурдагы конгрессмен Лиз Чейни 4-октябрда Харристи колдой турганын жарыялады.
Дик Чейни АКШнын Иракка басып кириши учурунда АКШ президенти Жорж Буштун жардамчысы болуп иштеген.
Тектеш кабарлар
Газага жардам фуралары кирүүнү улантууда
808 гуманитардык материалдарды ташыган унаалар кечээ Газа тилкесине кирди.