БУУнун COP16 конференциясында түпкүлүктүү элдин үмүтүн актаган эки келишим кабыл алынды

Кали шаарында 21-октябрда башталып, 1-ноябрда аяктаган COP16 конференциясында түпкүлүктүү элдин үмүтүн актаган эки келишим кабыл алынды.

2205849
БУУнун COP16 конференциясында түпкүлүктүү элдин үмүтүн актаган эки келишим кабыл алынды

Колумбияда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча конференциясы (COP16) түпкүлүктүү элдерди ыраазы кылган эки маанилүү келишимдин кабыл алынышы менен аяктады.

Кали шаарында 21-октябрда башталып, 1-ноябрда аяктаган COP16 конференциясында түпкүлүктүү элдин үмүтүн актаган эки келишим кабыл алынды.

Колумбиянын президенттигинин басма сөз бөлүмү тарабынан жасалган билдирүүдө, жергиликтүү элдердин биологиялык ар түрдүүлүктү коргоодогу негизги актерлор катары «толук жана эффективдүү» таанылышын камсыз кылган эки келишимдин бекитилгени билдирилди.

Бир добуштан кабыл алынган биринчи макулдашуу Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциянын (КБР) жана түпкү элдерге институттук бийликти бере турган 8J беренесинин алкагында түпкү элдер жана жергиликтүү жамааттар үчүн жумушчу органды түзүүнү камтыйт.

Экинчи жактырылган келишим, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча негизги актерлор катары афро азчылыктарды таануу жөнүндө айтылат.

Колумбия жана Бразилия жетектеген бул сунушту жактыруу афро жамааттарына биоартүрдүүлүктү сактоого жана туруктуу ыкмаларды ишке ашырууга багытталган демилгелерин каржылоо үчүн ресурстарга мүмкүнчүлүк берет.



Тектеш кабарлар