Сербияда темир жол вокзалынын бетон подъезди кулап 14 киши каза болду
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда Нови Сад шаарындагы темир жол вокзалынын бетондон жасалган подъезди белгисиз себептерден улам кулап түшкөн.
Сербиянын Нови Сад шаарындагы темир жол вокзалынын бетон подъезди кулап 14 киши каза болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда Нови Сад шаарындагы темир жол вокзалынын бетондон жасалган подъезди белгисиз себептерден улам кулап түшкөн.
Кыйроонун кесепетинен 14 киши каза болуп, жаракат алган 3 кишинин ооруканада дарылануусу уланууда.
Сербиянын премьер -министри Милош Вучевич менен ички иштер министри Ивица Дачич вокзал жайгашкан жерге барып, жетекчилерден маалымат алышты.
Премьер - министр Вучевич билдирүүсүндө имараттын 1964 - жылы курулганын, окуянын иликтенип, шалаакылык кылгандардын жоопко тартылышы керектигин белгиледи.
Дачич урандылардын астында калган жана байланышка чыккан 2 кишинин куткарылганын белгилеп, издөө - куткаруу иштеринин уланып жатканын, окуя болгон жерде 80 кишинин иштеп жаткандыгын айтты.
Окуя болгон жерге Сербиянын президенти Александр Вучич да барып, министрлерден маалымат алды.
Өкмөт 2 - ноябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Нови Саддан коомчулукка кайрылган президент Вучич, каза болгон 5 кишинин өздүгү азырынча тактала электигин айтты.
Вучич каза болгондордун жакындарына көңүл айтып : "Президент катары мен өкмөт жана Нови Сад прокуратурасынан кырсык тууралуу жооптууларды оор түрдө жазалоону талап кылам",- деди.