Россия : "Харьков жана Донецкте эки конушту колго алдык"

Министрликтин билдирүүсүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.

2205744
Россия : "Харьков жана Донецкте эки конушту колго алдык"

Россиянын коргоо министрлиги Украинанын Харьков аймагындагы Першотравневое жана Донецк аймагындагы Кураховка конуштарын колго алгандарын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө Россиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерине байланыштуу маалымат берилди.

Орус учактары, учкучсуз учуучу аппараттар, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөр Украина армиясы колдонгон энергетикалык инфраструктура объектилери,  “Кракен” улутчул бирикмелеринин командалык пункттары, аскердик аэропорттун инфраструктурасы, Украина армиясынын күйүүчү май базасы, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары ательеси менен  аскердик бөлүк жана техникалар  топтолгон 149 аймакты аткандыгы белгиленген билдирүүдө  абадан коргонуу системаларынын  АКШда жасалган 4 ATACMS ракетасы, Францияда жасалган 3 Хаммер башкарылган бомба жана 50 учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппаратынын жок кылынгандыгы айтылды. 
Орус армиясынын Донбасс жана башка аймактардагы кээ бир маанилүү пункттарды көзөмөлгө алгандыгы белгиленген билдирүүдө : "Батыштын аскер бөлүктөрү ийгиликтүү чабуулдун натыйжасында Харьков облусундагы Першотравневое конушун бошотту. Борбордук аскердик бөлүктөрдүн чабуулдарынын натыйжасында Донецк Элдик Республикасынын Кураховка конушу бошотулду",- деген маалымат берилди.



Тектеш кабарлар