Иордания аба мейкиндигинин колдонулушуна уруксат бербейт
Иордания өкмөтү аймактык чыңалууда аба мейкиндигинин колдонулушун кабыл албай тургандыгын билдирди.
Иордания өкмөтү аймактык чыңалууда аба мейкиндигинин колдонулушун кабыл албай тургандыгын билдирди.
Иордания PETRA маалымат агенттигинде орун алган кабарга караганда Иорданиянын коммуникация министри жана өкмөт катчысы Мухаммед ел-Мумини өлкөсүнүн аймактагы кээ бир тараптардын аба мейкиндигин бузуу аракетин өзгөчө учкучсуз учуучу аппараттардын эреже бузууларын четке каккандыгын айтты.
Иорданиянын мыйзам бузууларды аскердик кагылышуу эрежелеринин алкагында карагандыгын жана аларды коркунуч катары аныктаганын белгилеген Мумини өлкөсүнүн бул мыйзам бузууларга каршы бардык чараларды көргөнүн белгиледи.
Иорданиянын коопсуздугуна зыян келтирүүгө аракет кылгандарга каршы согуш эрежелерин колдонуудан тартынбай турганын баса белгилеген Мумини өлкөсүнүн эч бир тараптын кагылышуу аймагы болбой турганын жана аскердик учактарын, ракеталарын же учкучсуз учактарын аба мейкиндигинен өткөрүүгө уруксат бербей турганын кошумчалады.