Эртең Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Добуш берүү жалпысынан 2221 урнада жүргүзүлүп, анын 234 урнасы  чет өлкөдө, 30 урна  Молдованын чек араларында жана бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган "Преднестр" аймагында, 68 урна да  Гагауз автономиясында.

2205740
Эртең Молдовада  президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Молдовада эл эртең президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш берет.

Россия  - Украина согушу экономикасына терс таасирин тийгизип, жаратылыш газы көйгөйү жаралган Молдовада  20 -  октябрда болгон шайлоонун биринчи турунда эң көп добуш алган бийликтеги башкаруучу Аракет жана тилектештик партиясынан (ПАС) учурдагы президент Майя Санду жана Молдова Социалисттик партиясынын (ПСРМ) талапкери гагауз түркү Александр Стояногло президенттик орун үчүн ат салышат.

Сандунун президенттик мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу боло турган шайлоонун экинчи айлампасында   Молдова Борбордук Шайлоо Комиссиясынын маалыматтарына караганда чет өлкөдө жашагандар да болгон 3 миллион 302 миң 142 шайлоочунун 36 аймакта жана элчиликте добуш берүүсү күтүлүүдө.

Добуш берүү жалпысынан 2221 урнада жүргүзүлүп, анын 234 урнасы  чет өлкөдө, 30 урна  Молдованын чек араларында жана бир тараптуу көз карандысыздыгын жарыялаган "Преднестр" аймагында, 68 урна да  Гагауз автономиясында. 

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00дө башталып, 21.00дө аяктай турган добуш берүү процессине 2 миңден ашуун жергиликтүү жана эл аралык байкоочу катышат.

Шайлоонун экинчи айлампасында эң көп добуш алган президент болот.

Шайлоодо утуп чыккан талапкер 45 күндүн ичинде ант берип, кызматына киришет.

20 - октябрда Молдовада азыркы президент Майя Сандунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу президенттик шайлоо өткөн.

Шайлоодо 2сү гагауз түркү болгон 11 талапкер президенттик орун үчүн ат салышты.

Талапкерлердин эч бири 50 пайыздан ашык добуш ала албагандыктан, шайлоо экинчи турга өттү.

Шайлоо менен бир эле күнү Европа Биримдигине кирүү максатында конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү.

Конституцияга  өзгөртүү киргизүүгө жарандардын 50,35 пайызы “макул”, 49,65 пайызы “каршы” деп добуш беришкен.



Тектеш кабарлар