АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскердик күч жиберет

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министрлиги (Пентагон) Жакынкы Чыгышка кошумча аскердик күч жана узун аралыктуу  чабуулчу  учактарды жайгаштырарын жарыялады.

2205732
АКШ Жакынкы Чыгышка  кошумча аскердик күч жиберет

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министрлиги (Пентагон) Жакынкы Чыгышка кошумча аскердик күч жана узун аралыктуу  чабуулчу  учактарды жайгаштырарын жарыялады.

Бул тууралуу Пентагондун басма сөз катчысы бригаданын генералы Патрик Райдер жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө АКШнын аймактагы күчтөрүн коргоо, Израилди коргоо, "токтотуучу жана дипломатия жолу менен чыңалуунун азайтылышы" максатында убадаларын аткаруу үчүн аймакка кошумча баллистикалык ракетадан коргонуу эсминецтери, истребитель жана танкердик учактар ​​флоту менен АКШнын аскердик аба күчтөрүнө таандык B-52 узун  аралыктуу чабуулчу учактарынын жайгаштырылары белгиленди.  
Билдирүүдө бул күчтөрдүн аймакка барууга даярдалган USS Abraham Lincoln учак конуучу кемеси менен келерки айда бара баштай тургандыгы   жана бул кыймылдардын Америка Кошмо Штаттарынын  өнүгүп келе жаткан улуттук коопсуздук коркунучтарына каршы туруу үчүн кыска убакытта дүйнөлүк масштабда жайгаштыруу жөндөмдүүлүгүн көрсөткөндүгү айтылды. 

Билдирүүдө бул жайгаштыруулардын жакында Израилде жайгаштырылган Терминалдык Бийиктик Аймакты Коргоо (THAAD) системасы ошондой эле Пентагондун Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги Амфибия даяр тобунун деңиз экспедициялык бирдигине (ARG/MEU) негизделгендиги билдирилди.

Пентагон 13 - октябрдагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, THAAD батарея системасы жана аны иштете турган 100гө жакын аскер кызматкеринин Иран коркунучуна каршы Израилге жибериле турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар