Остин - Галлант сүйлөшүүсү
АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) билдирүүсүнө караганда, Остин Галлант менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин израилдик кесиптеши Йоав Галлант менен сүйлөшүүсүндө, Иран жана Иран колдогон өкүл күчтөргө каршы Израилди жана анын аймактагы союздаштарын коргоого даяр экендиктерин айтты.
АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) билдирүүсүнө караганда, Остин Галлант менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Израилдин Газа жана Ливанга кол салуулары уланып жатканда, аймактык чыңалууну азайтуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган сүйлөшүүдө Остин өлкөсүнүн Иран жана Иран колдогон өкүл күчтөргө каршы АКШ аскерлерин, Израилди жана аймактагы союздаштарын коргоого даяр экенин кайталады.
Министр Остин Ливан чек арасындагы кагылышуулардан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон ливандык жана израилдик жарандардын коопсуз кайтууларына мүмкүндүк бере турган дипломатиялык демилгени да колдогондорун дагы бир жолу кайталады.
Сүйлөшүүдө Остин Газадагы оор гуманитардык шарттарды, ошондой эле туткундарды алмашуу жана ок атышпоо мүмкүнчүлүктөрүнө да баа берди.