Нетаньяху: "Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз"

Нетаньяху Израиль аскерлери үчүн уюштурулган бүтүрүү аземинде күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2205225
Нетаньяху: "Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз"

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын “өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө алардын эң башкы максаты” экенин айтты.

Нетаньяху Израиль аскерлери үчүн уюштурулган бүтүрүү аземинде күн тартибине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Израилдин Иранда мурда болуп көрбөгөндөй кыймыл кылуу эркиндигине ээ экенин жана бул өлкөдө «каалаган жерге жете ала тургандарын» баса белгилеген Нетаньяху, Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна бөгөт коюу алардын эң башкы максаты экенин айтты.

Нетаньяху Газага кол салууларды токтотуу үчүн кандайдыр бир дата белгилебегендерин, «максаттарына» жеткенге чейин кол салууларды уланта тургандарын маалымдады.

Ошол эле аземде сөз сүйлөгөн Израилдин коргоо министри Йоав Галлант да өлкөнүн бардык жеринде көбүрөөк аскерге муктаж экендиктерин билдирди.



Тектеш кабарлар