Израиль Газада 27 күндүн ичинде 1200 адамды өлтүрдү
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Мунир Абдуллах ел-Берш, Израилдин Газанын түндүгүнө карай кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.
Израиль армиясы, Газа тилкесинин түндүгүндө 27 күндөн бери кургактыктан улантып жаткан чабуулдарында 1200дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы директору Мунир Абдуллах ел-Берш, Израилдин Газанын түндүгүнө карай кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады.
Берш Израиль армиясынын Газанын түндүгүндө 27 күндөн бери кургактыктан улантып жаткан операциясында 1200дөн ашуун палестиналыкты өлтүргөнүн айтты.
Израиль армиясынын Бейт-Лахиядагы баш калкалоочу жайларды жана жарандарды бутага алуу менен кыргын салып жатканын белгилеген Берш, Израилдин аны көзөмөлдөй турган, жоопко тартып кылмыштарын токтото турган эч ким болбогондуктан өлтүрүүнү жана жок кылууну улантып жатканын билдирди.
Берш: «Израиль армиясы, медициналык каражаттардын Газанын түндүгүнө киришине тоскоол болуп, Газа тилкесинин түндүгүндөгү Кемал Адван, Аль-Авде жана Индонезия ооруканаларын курчоого алууда»,-деди.
Тектеш кабарлар
Британия менен Уэльсте эркек балдарга эң көп коюлган ысым
ONS былтыр 4600дөн ашык балага "Мухаммед" деген ысым коюлганын билдирди.