Зеленскийдин АКШнын жардамына карата жообу
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсү үчүн АКШ Конгресси тарабынан бул жылы бекитилген аскердик жардамдардын 10 пайызын алгандарын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсү үчүн АКШ Конгресси тарабынан бул жылы бекитилген аскердик жардамдардын 10 пайызын алгандарын билдирди.
Зеленский Телеграмдан чет элдик журналисттерге аскердик жардамдар тууралуу маалымат берген видеону да жарыялады.
Өлкөсүнүн Россия менен согушта жашаган кыйынчылыктар жана кыш айларында ортого чыга турган кыйынчылыктарга көңүлдөрдү бурган Зеленский
АКШнын өлкөсүнө берген аскердик жардамына байланыштуу: «Ишиңерди аткарып жатасыңар. Запастарга, атайын бөлүктөргө, жабдууларга ишенсең жана буга чейин бекитилген аскердик жардам пакетинин 10 пайызын алып жатсаң бул күлкүлүү эме",- деди.
Зеленский өзгөчө АКШ Конгрессинин бекиткендигин белгилеп, кечигүүнүн бюджет менен байланыштуу эмес экендигин, бюрокртаия, логистика, идеялар жана шектенүү сыяктуу себептерден келип чыккандыгын айтты.
Берилген аскердик жардамдарга да токтолгон Зеленский берилген аскердик жардамдар тууралуу шарттардын ортого салынгандыгын жана Россия - Украина согушунун талаада гана жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат
Израилдин Газа тилкесине 427 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.