Израиль менен Хизбулланын ортосунда ок атышпоо келишими түзүлүшү мүмкүн

Ливандын премьер-министри Микати Ливандагы Аль-Жедид телеканалына билдирүү жасады.

2204663
Израиль менен Хизбулланын ортосунда ок атышпоо келишими түзүлүшү мүмкүн

Ливандын премьер-министри Нежиб Микати жакынкы күндөрдө же сааттарда Израиль менен Хизбулланын ортосунда ок атышпоо келишими түзүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Ливандын премьер-министри Микати Ливандагы Аль-Жедид телеканалына берген билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин улук кеңешчиси Амос Хокштейн менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин ок атышпоо келиши үчүн үмүттүү экенин айтты.

«Телефон сүйлөшүүсүнүн алдында 5-ноябрга чейин ок атышпоо болот деп күткөн эмесмин», - деген Микати Хокштейндин айткандарынан кийин жакынкы күндөрдө же сааттарда ок атышпоо болушу мүмкүн деп үмүттөнгөнүн кошумчалады.

Хохштейндин Бейрутка акыркы сапарында Ливан парламентинин спикери Небих Берри менен ортосунда «жашыруун» бойдон калган бир сунушту алып келгенин белгилеген Микати: «Литанинин түштүгүндө Ливандын мыйзамдуулугунан башка курал болбошу керек»,-деп бул жерден "Хизбулланын" куралдуу элементтеринин чегиниши керектигин айтты.

Ушул алкакта Микати Ливан армиясынын өз миссиясын аткара алуусу үчүн техникага муктаж экенин кабарлады.

Бир тараптан Израиль басма сөзү, ок атышпоо келишиминин долбоору экени айтылган документти бөлүштү.

Документтин Хокштейн тарабынан жазылган келишим долбоору экени, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана жардамчылары тарабынан каралып чыкканы жана акыркы сүйлөшүүлөрдүн жакынкы күндөрдө боло турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар