Боррель: «Түркия менен карым-катнашыбызды улантуубуз үчүн жетиштүү себептер бар»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Түркиянын «учурдагы шарттарда геосаясий маанисин арттырганын, ошондуктан маанилүү өлкө экенин» айтты.

2204697
Боррель: «Түркия менен карым-катнашыбызды улантуубуз үчүн жетиштүү себептер бар»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Түркиянын «учурдагы шарттарда геосаясий маанисин арттырганын, ошондуктан маанилүү өлкө экенин» айтты.

Боррель, Европа Биримдигинин Коңшулук жана кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархели менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында талапкер өлкөлөр Түркия, Сербия, Албания, Черногория, Түндүк Македония, Босния-Герцеговина, Косово, Украина жана Молдова боюнча акыркы баалоолорду камтыган 2024-жылга кеңейүү пакети жарыяланды.

Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары тууралуу да Боррель: «Башында азыркыдан алда канча кыйын абалда болчубуз. Биз эки тарапты тең кызыктырган тармактар ​​менен кайрадан алектендик»,-деп айтты.

Түркиянын Биримдик үчүн маанисин баса белгилеген Боррель : «Түркия азыркы шарттарда геосаясий мааниси алда канча жогорулаган талапкер өлкө. Түркия абдан маанилүү. Бул абдан маанилүү, себеби геосаясий контекст узак убакыттан бери эң кыйын жана эң татаал мезгилден өтүп жатат»,-деп өз баасын берди.

Түркиядагы лидерлер менен жолугушууларды уланта тургандарын белгилеген Боррелл, 2024-жылдын апрель айында ЕБ Түркия менен стратегиялык, саясий жана экономикалык жактан кызматташтык жана өз ара пайдалуу карым-катнаштарды өнүктүрүү каалоосун билдиргенин жана андан бери Түркия менен карым-катнаштарды жандандыруу жана жалпы кызыкчылык болгон тармактарда конструктивдүү пикир алмашуу үчүн конкреттүү кадамдар ташталганын түшүндүрдү.

Боррель : «Түркия менен карым-катнашыбызды улантуубуз үчүн жетиштүү себептер бар»,-деди.

2024-жылга кеңейүү пакетинин алкагындагы «Түркия отчетунда» кызматташтык жана өз ара пайдалуу карым-катнаштын өнүктүрүлүшү ЕБнин стратегиялык кызыкчылыгында экени белгиленип, Түркиянын тышкы саясат тармагында активдүү жана маанилүү актер экени жана стратегиялык автономияга ээ экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар