БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газада гуманитардык кризис тууралуу эскертти
Бүткүл дүйнөлүк азык - түлүк программасынын Газага шашылыш түрдө керектүү жүктөрдү жеткирүүгө даяр экени, бирок чек ара бекеттери ачык жана коопсуз болушу керектиги баса белгиленди.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) Израилдин кол салуусу астындагы Газада уланып жаткан гуманитардык кризис тууралуу тез арада чара көрүлбөсө жакында ачарчылыкка айланышы мүмкүн экенин эскертти.
Баш кеңсеси Италиянын борбор шаары Римде жайгашкан БУУнун мекемелеринен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, "Дүйнөлүк азык-түлүк программасы чукул чаралар көрүлбөсө Газада уланып жаткан гуманитардык кризистин жакында ачарчылыкка айланышы мүмкүн экенин эскертти. Кыш жакындаган Газа тилкесине кирген азык - түлүк жана башка негизги гуманитардык жардамдар материалдарынын кемчилиги чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн",- деп айтылды.
Билдирүүдө, айдын башында жарыяланган БУУнун интеграцияланган азык - түлүк коопсуздугу этап классификациясынын (IPC) отчетунда Газадагы калктын 90 пайыздан ашыгы ноябрь айына чейин олуттуу азык - түлүк коопсуздугу менен бетме - бет келе турганына көңүл бурулганы эскертилди. Газанын түндүгүндөгү абалдын начарлоосу жана жергиликтүү шарттардын жакшырбай жатканы, ачарчылыктан таасирлене турган дагы чоң бир топтун чыгышы мүмкүндүгү белгиленди.
"Газага гуманитардык жардам көрсөтүүгө киргизилген чектөөлөр абдан катаал",- деп айтылган билдирүүдө, октябрь айында Газага болгону 5 миң тонна азык - түлүк жеткирилгендиги, бул Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын маанилүү колдоосуна көз каранды болгон 1,1 миллион киши үчүн зарыл болгон негизги азык - түлүк жардамынын 20 пайызына гана туура келгендиги айтылды.
Бүткүл дүйнөлүк азык - түлүк программасынын Газага шашылыш түрдө керектүү жүктөрдү жеткирүүгө даяр экени, бирок чек ара бекеттери ачык жана коопсуз болушу керектиги баса белгиленди.