БУУ Газага карата кол салууларга каршылык көрсөттү

БУУнун баш катчысынын  басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

2204181
БУУ Газага карата кол салууларга каршылык көрсөттү

Израилдин Газанын түндүгүнө карата акыркы кол салууларында көптөгөн жоготуунун болгондугу билдирилди.

БУУнун баш катчысынын  басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Дюжаррик БУУнун мекемелеринин Израилдин Газанын түндүгүнө  жасаган кол салууларынын натыйжасында "каза болгондордун саны тууралуу отчеттон  тынчсызданып" жаткандарын айтты.

Израилдин мурунку күнү Газада жасаган кол салуулары тууралуу кенен маалымат берген Дюжаррик : «(БУУнун Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин атайын координатору) Тор Веннесланд кечээ Израилдин Бейт Лахияда жасаган кол салуусунда  кеминде 90 палестиналыктын алардын ичинен 25 баланын каза болгонун айтты",- деди.

Израилдин чектөөлөрүнөн улам аймакка кирүүгө мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген Дюжаррик БУУнун жооптуу кызматкерлери менен чукул жардам топторунун Газадагы адамдарга жардам көрсөтүүдө «кыйынчылыктарга дуушар болууну улантып жаткандыгын» белгиледи.

"Айдын башынан бери кеминде  14 гуманитардык жардам кызматкери жана  4 медициналык кызматкер өлтүрүлдү",- деген Дюжжарик Газада  2023 -  жыл октябрь айынан бери  322 гуманитардык жардам кызматкеринин Израилдин кол салууларынын натыйжасында каза болгондугун, булардан  315нин палестиналык жергиликтүү кызматкер жана  жетөөсүнүн башка өлкөнүн жарандары экендигин белгиледи. 

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Дюжжарик өзгөчө мурунку күнү Израилдин Ливандын чыгышына жасаган кол салууларында кеминде  60 кишинин каза болгондугун жана көп сандаган кишинин да жаралангандыгын маалымдады. 

 

 



Тектеш кабарлар