Баскынчы израилдиктер көп кылымдык зайтун дарактарын кыйышты

Наблус шаарынын Карют айылындагы 2 миң декарлык аянттагы зайтун дарактары израилдиктердин кол салуусуна дуушар болду.

2204485
Баскынчы израилдиктер көп  кылымдык зайтун дарактарын кыйышты

Палестина жерлерин басып алган израилдиктер Батыш Шериада палестиналыктарга таандык көп кылымдык зайтун дарактарын кыйышты.

Наблус шаарынын Карют айылындагы 2 миң декарлык аянттагы зайтун дарактары израилдиктердин кол салуусуна дуушар болду.

Кылымдардан бери  жашап келе жаткан жүздөгөн зайтун дарактары  израилдиктер тарабынан түп-тамыры менен жок кылынган.

Палестина жерлерин басып алган израилдиктер «7-октябрды мүмкүнчүлүккө айландыруу менен»  палестиналыктардын өз жерлерине баруусуна да уруксат бербей жатат.

Сөз болуп жаткан израилдиктер акыркы бир жылдын ичинде  зайтун бактарын жок кылышты.

Карют айылында дыйканчылык кылган палестиналык Мухаммед Бедеви бул жерлердин чоң атасы жана атасынан мурас калганын тастыктаган расмий документтери бар экенин баса белгилеп : «Бул жерде 500 жылдан ашуун жашаган зайтун дарактары бар»,-деди. 

Оккупация астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста да  2023 -  жылдын  7 -   октябрынан бери Израиль аскерлери менен Палестина жерлерин басып алган израилдиктердин кол салууларында  166 бала болгон  763 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар