Макрон : "Газадагы жарандардын өлүмүн эч нерсе актай албайт"
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Газа тилкесиндеги жарандардын өлүмүн эч нерсенин актай албасын жана кол салууларды токтотуу керектигин айтты.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Газа тилкесиндеги жарандардын өлүмүн эч нерсенин актай албасын жана кол салууларды токтотуу керектигин айтты.
Макрон Марокко парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газа тилкесинде бир жылдан ашык убакыттан бери палестиналыктарга жасаган кол салууларына токтолду.
"Газада көп сандагы жарандардын өлүмүн эч нерсе актай албайт”,-деген Франциянын президенти Газада ок атышууну токтотууга жана израилдик туткундарды бошотууга, элди коргоого жана Газа тилкесине гуманитардык жардамдын келүүсүн тынымсыз талап кылышкандарын айтты.
Макрон Ливанда ок атышпоонун болушу керектигин жана бул темада АКШ жана башка союздаштары менен иштешип жатышкандарын белгиледи.
Франциянын президенти өзгөчө Ливан жана Газадагы кол салууларды токтотуу үчүн аскердик экспорттун (Израилге) токтотулушун талап кылганын баса белгиледи.