Газада 62 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Мешру Бейти Лахия аймагына жасаган кол салуусунда араларында аялдар менен балдар да болгон кеминде 62 палестиналык каза болду.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Мешру Бейти Лахия аймагына жасаган кол салуусунда араларында аялдар менен балдар да болгон кеминде 62 палестиналык каза болду.
Палестинанын расмий маалымат агентттиги WAFAнын саламаттыкты сактоо мекемелерине таянып берген кабарына караганда Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Мешру Бейт Лахияда Эбу Насыр үй - бүлөсүнө таандык жер которгон 150 палестиналык баш калкалаган беш кабаттуу бир имаратты бомбалады.
Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 62 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Жарандык коргонуу жана тез жардамдар аймакка бара албагандыктан азыр да уранды астында куткарууну күтүп жаткан кишилер бар.
Кол салууда жараланган жана абалы оор болгон, кеминде 20 киши Израилдин кол салуусу астындагы Кемал Адван ооруканасына алып барылды.