Энтони Блинкен 29 - октябрь Республика майрамы тууралуу билдирди
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өлкөсүнүн атынан түрк элин Түркия Республикасынын негизделишинин 101 жылдыгы менен куттуктагандыгын жана бул күндүн Түркиянын тарыхында абдан маанилүү учур экенин белгиледи.
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өлкөсүнүн атынан түрк элин Түркия Республикасынын негизделишинин 101 жылдыгы менен куттуктагандыгын жана бул күндүн Түркиянын тарыхында абдан маанилүү учур экенин белгиледи.
АКШнын мамлекеттик департаменти Блинкендин Түркиянын 29 - октябрь Республика майрамына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн бөлүштү.
Блинкен билдирүүсүндө түрк элин Республиканын 101 жылдыгы менен куттуктап : "Бул күн өлкөңүздөрдүн тарыхындагы маанилүү учур. Түрк элинин өткөн кылымдагы жетишкендиктерин абдан жогору баалайбыз",- деди.
Блинкен эки өлкөнүн ортосундагы орток баалуулуктарга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген достуктун 101 жылдык убакытта олуттуу түрдө өнүгүп келе жатканын белгилеп : "НАТО альянсы аймактык тынчтыктын жана коопсуздуктун негизин түзүүдө. Америка Кошмо Штаттары Түркиянын 72 жылдан бери НАТО өнөктөшү болушу менен сыймыктанат".
Эки өлкөнүн ортосунда саякаттаган студенттердин, кесипкөйлөрдүн, маданий жана академиялык алмашуу программасынын катышуучуларынын жана туристтердин саны барган сайын көбөйүп жаткандыгын жана мунун бири - биринен үйрөнүүгө, инновацияга шарт түзгөнүн белгилеген Блинкен, илим, космос тармагында өнөктөштүктүн улана турганын айтты. жана таза энергия технологиясы тармагында өнөктөштүктөрдүн, Түркия жана Америка калктарынын ортосундагы байланыштарды дагы да тереңдеткендигин айтты.
Блинкен Түркияга ишенимдүү шериктеш жана өнөктөш болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, Түркияга жана түрк элине чын жүрөктөн каалоолорун айтып, тынчтыктын, бакубатчылыктын жана ийгиликтердин уланышын каалады.